Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу) жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиптерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков