Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында исламдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана жоюу маселелерин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 “Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 26-пунктунун “б” пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10 – исламдык ижаралык сертификаттар – (Сукук аль Ижара);
11 – долбоордук каржылоонун исламдык сертификаттары – (Сукук ал Истисна);
12 – өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары – (Сукук аль Мушарака);
13 – үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары – (Сукук аль Мудараба);
14 – инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары – (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар);
15 жана андан ары Адан Zке чейин - баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервге коюлган;”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 “Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”;
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков