Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү жөнүндө
«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор 22 бирдик штаттык саны менен түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
3 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ведомствого караштуу жана аймактык бөлүктөрдү эске алуу менен | 351 |
анын ичинде: | ||
- борбордук аппарат | 88 | |
- ведомствого караштуу бөлүктөр | 143 | |
- аймактык бөлүктөр | 120 |
».
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
6-пунктунун «б» пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча ишти координациялайт.».
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор 2018-жылдын 1-январына чейин 6 бирдик, 2018-жылдын 1-январынан тартып - 22 бирдик штаттык саны менен иштей тургандыгы;
- 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун 6 штаттык бирдигин каржылоо республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-техникалык жана башка маселелерди чечсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун 22 штаттык бирдигин каржылоо үчүн акча каражаттарын карасын.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков