КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 316 токтому

Бишкек шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык жөнүндө мамлекеттик тилде тиркелген Макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө латвия тарапка кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                        С.Ш.Жээнбеков

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу