КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 305 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдары төмөнкүлөрдү каттайт:

юридикалык жактарды - турган жери (юридикалык дареги) боюнча; юридикалык жактардын обочолонгон бөлүмдөрүн (филиалдар, өкүлчүлүктөр) - иш жүргүзгөн жери боюнча;

жеке адамдар - жашаган жери же экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча.";

- 19 жана 20-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн жер үлүшүнүн иш жүзүндөгү аянтына жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкасына пропорциялуу төлөйт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

- Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна -10 пайыз.

Жер мамилелери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынган жер үлүштөрүнө укук белгилөөчү документтер юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларына камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө үчүн негиз болуп эсептелет.

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү дыйкан (фермердик) чарбанын башчысы тарабынан төгүлөт, ал төгүмдөр анын мүчөлөрүнүн жеке камсыздандыруу эсептерине укук күбөлөндүрүүчү документ менен белгиленген жер участогунун үлүштөрүнө пропорциялуу бөлүштүрүлөт ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясында каралган адамдарды жана өлгөн жарандарды кошпогондо).

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери шаарларда жана калктуу конуштарда жакын турган административдик райондор үчүн колдонулуучу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн базалык ставкалары боюнча белгиленет.

Калктуу конуштарда, жайгашкан жерине карабастан ошол калктуу конуш аймагында жайгашкан район үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери колдонулат.

Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчыларына жана мүчөлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-февралындагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмегине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 235 токтому менен бекитилген Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмегине ылайык мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу боюнча жеңилдиктер берилет.

Мисал:

1) Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашаган, 5 адамдан турган Алиевдердин үй-бүлөсүнүн дыйкан чарбасы (мындан ары - Алиевдердин үй-бүлөсү) 19,5 га жерге ээ.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тариф ставкалары боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары Алиевдердин үй-бүлөсү үчүн төмөнкүдөй эсептелет:

Дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү

Сугат жерлер - 400 сом/га

Кайрак жерлер - 74,2 сом/га

Көп жылдык өсүмдүктөр - 213 сом/га

Чабынды/жайыт - 15 сом/га

Бардык га

Бардык чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом)

га

Чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом)

га

Чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом)

га

Чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом)

га

Чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом)

1

Алиев А.А.

2,0

800,0

1,0

74,2

0,0

0,0

0,0

0

3,0

874,2

2

Алиева Б.Б.

0,5

200,0

0,0

0,0

10,0

2130,0

0,5

7,5

11,0

2337,5

3

Алиев К.А.

0,5

200,0

0,0

0,0

1,0

213,0

0,5

7,5

2,0

420,5

4

Алиева М.А.

1,0

400,0

0,5

37,1

0,0

0,0

0,0

0

1,5

437,1

5

Алиева Т.Т.

1,0

0,0

0,5

0,0

0,0

0,0

0,5

0

2,0

0,0


Бардыгы

5

1600

2

111,3

11

2343

1,5

15

19,5

4069,3

Алиевдердин үй-бүлөсүнүн чарба мүчөсү Алиева Т.Т. II топтогу майып, ушуга байланыштуу ал мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүдөн жана төлөөдөн бошотулган.

Төлөөгө жыйынтык сумма 4069,3 сомду түзөт;

2) 2015-2016-жылдар үчүн юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү жана жер участогуна (үлүшүнө) ээ жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен (2015-жылдын 19-мартындагы № 60 редакциясындагы) белгиленген тарифтердин ставкалары боюнча республиканын райондорунда жана шаарларында мурдагы календардык жылга түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акыдан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

- 2 гектарга чейин жер үлүшүнө ээ болгондор, - 2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин ай сайын - 0,5 пайыз;

- 2 ден 10 гектарга чейин жер үлүшүнө ээ болгондор:

- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейин ай сайын - 1 пайыз;

- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин ай сайын - 1,5 пайыз;

- 10 гектар жана андан ашык жер үлүшүнө ээ болгондор:

- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейин ай сайын - 2 пайыз;

- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин ай сайын - 3 пайыз.

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү тарабынан төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Мисал:

19,5 га жерге ээ болгон Алиевдердин үй-бүлөсү үчүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

Дыйкан (фермердик) чарбаларынын мүчөлөрү

Сугат жерлер (га)

Кайрак жерлер (га)

Көп жылдык өсүмдүктөр (га)

Чабындылар/жайыттар (га)

Бардыгы (га)

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин ставкасы (сом)

2016-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн, 2014-жылдын орточо эмгек акысы (сом)

1-ай үчүн чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом)

Айлардын саны

1-жарым жылдык үчүн чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом)

1

Алиев А.А.

2,0

1,0

0,0

0,0

3,0

1,5

9640

144,6

6

867,6

2

Алиева Б.Б.

0,5

0,0

10,0

0,5

11,0

3,0

9640

289,2

6

1735,2

3

Алиев К.А.

0,5

0,0

1,0

0,5

2,0

1,5

9640

144,6

4

578,4

4

Алиева М.А.

1,0

0,5

0,0

0,0

1,5

0,5

9640

48,2

6

289,2

5

Алиева Т.Т.

1,0

0,5

0,0

0,5

2,0

1,5

9640

0

6

0,0


Бардыгы

5

2

11

1,5

19,5



626,6


3470,4

Алиевдердин үй-бүлөсүндө чарба мүчөсү Алиев К.А. 2016-жылдын мартында 16 жашка толду. Демек 2016-жылдын январь, февраль айларында ал мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүдөн жана төлөөдөн бошотулган.

Ошондой эле Алиевдердин үй-бүлөсүндө чарба мүчөсү Алиева Т.Т. II топтогу майып, ал мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүдөн жана төлөөдөн бошотулган.

2016-жылдын I жарым жылдыгы үчүн төлөөгө бардык сумма: 3470,4 сомду түзөт.

2015-2016-жылдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөө ушул мисалга окшош жүргүзүлөт;

3) 2015-жылга чейин юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар камсыздандыруу төгүмдөрүн салык мыйзамдарында белгиленген жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүндө төлөшкөн.

Мисал:

19,5 га жерге ээ болгон Алиевдердин үй-бүлөсү үчүн 2014-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

Жерлер

Аянт (га)

Ысык-Ата району боюнча жер салыгынын базалык ставкасы (сом/га)

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы өлчөмү (сом)

Сугат жерлер

5

400

2000

Кайрак жерлер

2

74,2

148,4

Көп жылдык өсүмдүктөр

11

213

2343

Чабынды

0,5

29,7

14,85

Жайыт

1

10,8

10,8

Бардыгы:

19,5


4517,05

Мурдагы мезгилдерге камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын эсептөө 2014-жыл үчүн эсептөөгө окшош жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү чарбанын эмгекке жарамдуу мүчөлөрүнө карата жүргүзүлөт ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды жана өлгөн жарандарды кошпогондо).

Жер участогуна (үлүшүнө) менчик укугу жыл башынан алынбаган учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү менчик укугун алган учурдан тартып жүргүзүлө баштайт. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт: жылдык чегерүү суммасы 12 айга бөлүнөт жана менчик укугу башталган учурдан тартып жылдын аягына чейинки айлардын санына көбөйтүлөт.

Жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган, же өзүнүн жер үлүшүн же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбаларынын жерлерин ижарага алган жеке жактар-ижарачылар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө ушул пунктка ылайык жүргүзүлөт.

Жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү болуп саналбаган жеке жактар үчүн жер участогуна (үлүшүнө) жер мамилелеринин чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен регламенттелген укукту күбөлөндүрүүчү документтер, ал эми жерлерди ижарага алган жеке жактар-ижарачылар үчүн жер участогун (үлүшүн) ижарага берүү жөнүндө келишим камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүгө жана төлөөгө негиз болуп саналат.

Юридикалык жана жеке жактарга (айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы боюнча айыл чарба кооперативдерин кошпогондо) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (жайыттарды кошпогондо) жерлерин, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө ушул пунктка ылайык жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлөт.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (жайыттарды кошпогондо) жерлеринен ижарага берилген жерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түзүлгөн ижарага берүү келишими саналат.

Токой фондунун ижарага берилген участоктору үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 482 "Токой фондунун участокторун ижарага берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык токой чарбасынын мамлекеттик органдары менен түзүлгөн токой фондунун участокторун ижарага берүү жөнүндө типтүү келишим саналат.

Жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү ушул пунктта белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте жайыт пайдалануучулар тарабынан төлөнөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна ылайык берилген жайыт билеттери жайыттарды пайдалангандыгы үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө үчүн негиз болуп саналат.

20. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкасы боюнча төлөө мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет: камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары жылдык суммасынан 50 пайыздан кем эмес өлчөмдө - үстүдөгү жылдын 15-июлуна чейин жана чегерилген сумманын калдыгы - кийинки жылдын 15-январына чейин.

Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жайгашкан юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү, жер участогуна (үлүшүнө) ээ болгон жеке жактар үчүн кийинки жылдын 15-январына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары боюнча жеңилдетилген төлөө мөөнөтү белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө банк мекемелеринде же төлөм терминалдары аркылуу камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебине жүргүзүлөт.

Банк мекемелери жок калктуу конуштарда камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандыруучунун региондук органынын ыйгарым укуктуу адамына төлөнөт, ал юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчыларына жана мүчөлөрүнө жана жер участогуна (үлүшүнө) ээ жеке жактарга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшү тууралуу квитанция жазып берет.

Камсыздандыруучунун региондук органынын ыйгарым укуктуу адамы (жооптуу кызматкер) төлөөчүдөн алынган камсыздандыруу төгүмдөрүн 2 жумуш күнүнүн ичинде банк мекемелери аркылуу камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебине которот.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы ушул Нускаманын 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүү менен ар бир адамдын камсыздандыруу эсебине киргизилет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчыларына жана мүчөлөрүнө, жер участогуна (үлүшүнө) ээ жеке жактарга жазып берүү тартиби ушул Нускаманын 22-главасына ылайык жүргүзүлөт.";

- 22-пункттун экинчи-төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19,5 га жерге ээ болгон Алиевдердин үй-бүлөсү үчүн мисал (анын ичинде: 5 га - сугат жер, 2 га - кайрак жер, 11 га - көп жылдык өсүмдүктөр, 0,5 га - чабындылар жана 1 га - жайыт). Табигый кырсыктан (суу ташкыны, сел жүрүү, жер титирөө, жер көчкү, мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк ж.б.) улам 5,5 га жер жабыр тарткан, анын ичинен 2 га - сугат жер, 2 га - кайрак жер жана 0,5 га - чабынды. Табигый кырсыктан жабыр тарткан жердин аянты = 5,5 га / 19,5 га * 100% = 28,2%. Демек, эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынан 28,2% камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат, алар чарба мүчөлөрүнүн ортосунда пропорциялуу бөлүштүрүлөт";

- 33-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-глава менен толукталсын:

"2-2. Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны жана айыл чарба багытындагы жер участоктору (үлүштөрү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны жазып берүү тартиби.

41-10. Ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялар жана 2-1-тиркемесине ылайык айыл чарба багытындагы жер участоктору (үлүштөрү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялар (мындан ары - квитанция) жер участогунун (үлүшүнүн) жайгашкан жери боюнча камсыздандыруучунун региондук органдарында алынат.

4-11. 2-тиркемеге ылайык форма боюнча квитанция календардык жылдын I жана II жарым жылдыгында 6 айдан ашпаган мөөнөткө ушул Нускаманын 19-пунктунун 2-пунктчасына ылайык төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жазылат.

41-12. 2-1-тиркемеге ылайык форма боюнча квитанция календардык жылдын 12 айынан ашык эмес мөөнөткө ушул Нускаманын 19-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларына ылайык төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жазылат.

41-13. Квитанция төмөнкүдөй документтер көрсөтүлгөн учурда жазылат:

- паспорт же ким экендигин ырастаган башка документ;

- жер мамилелери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен регламенттелген жер участогуна (үлүшүнө) укук күбөлөндүрүүчү документ;

- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тийиштүү суммасын төлөгөндүгү тууралуу квитанция, чек же төлөм тапшырыгы.

41-14. Квитанция камсыздандыруучунун региондук органынын жетекчисинин жана анын жооптуу кызматкеринин мөөрү жана колу болгондо жарактуу деп эсептелет. Квитанциянын биринчи нускасы дыйкан (фермердик) чарбанын башчысына же мүчөсүнө жана жер участогуна (үлүшүнө) ээ болгон жеке жактарга берилет, экинчиси камсыздандыруучунун региондук органында калат.

41-15. Квитанцияны жазып берүүдө камсыздандыруучунун региондук органынын ыйгарым укуктуу адамы юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын ар бир мүчөсүнө жана жер участогуна (үлүшүнө) ээ жеке жактарга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын бөлүштүрөт.

41-16. Квитанция жоголгон учурда камсыздандыруучунун региондук органдары камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүгө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгүн ырастаган маалымкат беришет.

41-17. Камсыздандыруучунун региондук органдары күн сайын айыл чарба багытындагы жер участоктору (үлүштөрү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө берилген квитанциялардын реестрлерин ушул Нускаманын 18-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүшөт.

41-18. Квитанциялардын бланктары так отчеттуулук бланктары болуп саналат.";

- 55 жана 56-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

- төмөнкүдөй мазмундагы 56-1-пункт менен толукталсын:

"56-1. Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалымкат төлөөчүгө арыз берилген күнгө карата берилет.";

- 61-пунктунун экинчи абзацындагы "өткөн отчеттук мезгил үчүн чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн" деген сөздөр "өткөн отчеттук мезгил үчүн түзүлгөн төлөмдөрүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 68-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"68. Төлөөчүнүн иши токтотулган учурда камсыздандыруучунун региондук органы тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептердин туура жана өз убагында жүргүзүлүшүн текшерүүгө арызды берген күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде текшерүү жүргүзүлөт жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалымкат берүү менен ушул Нускаманын 8-тиркемесине ылайык форма боюнча акт түзүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төлөөчү тарабынан ушул Нускаманын 7-тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын акыркы эсептешүү ведомосту түзүлөт.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 68-1-пункт менен толукталсын:

"68-1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр чегерилген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн, белгилүү мезгил үчүн карыздардын калдыгын (ашык төлөөнү) тактоо үчүн ушул Нускаманын 19-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу каражаттары боюнча салыштырып текшерүү актыларын түзүшөт.

Эсептешүү ведомостторун электрондук-санариптик кол тамганы (ЭСК) колдонуу менен электрондук түрдө берген төлөөчүлөр үчүн салыштырып текшерүү актылары ЭСК менен күбөлөндүрүлөт жана электрондук түрдө берилет.

Эсептешүү ведомостторун кагаз түрүндө берген төлөөчүлөр үчүн салыштырып текшерүү актылары мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана кагаз түрүндө берилет.

Салыштырып текшерүү актылары отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сына чейин берилет.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 89-пункт менен толукталсын:

"89. Чегерилген туумдарды эсептөөнүн, административдик укук бузуу жөнүндө протоколдун жана административдик айып салуу жөнүндө токтомдун бир нускасы төлөөчүгө кол койдуруп берилет же тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү менен почта аркылуу жиберилет.";

- 1-тиркеменин 4-пункту "(Банктын аталышы," деген сөздөрдөн кийин "аккумуляциялык эсеп жана МТПФ эсеби боюнча" деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын;

- 12-тиркемедеги "текшерүүнүн жүрүшүндө" деген сөздөр "башка тараптан укук бузуулар табылганда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 15-тиркемеде:

"Эскертүү: Тарифтин түрү" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"24 - лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен базарларда соода жүргүзгөн жеке ишкерлер";

"Эскертүү: Тарифтин түрү" деген бөлүмүндөгү он экинчи - он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускама ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 21, 18 жана 19-тиркемелер менен толукталсын.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министри


С.Жээнбеков


Тиркемелер

Басып чыгаруу