КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 303 токтому

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө

«Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 211-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр үчүн акы төлөө белгиленсин:

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды жана токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү үчүн 200 сом өлчөмүндө;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү берүү үчүн 100 сом өлчөмүндө.

2. Күрөөнү каттоо үчүн жыйымдар боюнча маселе жөнгө салынганга жана «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы № 197 «Кыймылдуу мүлктүн күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө» токтомунун колдонулуусу токтотула турсун.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу