Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
Экономиканын тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыздоо, министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, административдик ведомстволорду жана республиканын региондорун 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызкөмүр» жана «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнергия» коммуналдык ишканасы, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы», «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Ош электр», «Чыгыш электр», «Жалалабат электр», «Кыргызнефтегаз», «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коомдору (мындан ары - ААК), «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК) жана Ош «Жылуулукжабдуу» муниципалдык ишканасы:
- Иш-чаралар планын жана 1-21-тиркемелерге ылайык электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн лимиттерин, графиктердин жана тапшырмалардын аткарылышын камсыздашсын;
- 2017-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө бюджеттик уюмдар үчүн отун сатып алууга конкурстарды өткөрүү боюнча чараларды көрүшсүн, алар менен келишимдерди түзүшсүн;
- 2017-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жылуулук берүүчү буу казандарынын жана отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын алдыдагы күз-кыш мезгилиндеги ишке даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүшсүн;
- өндүрүштүк-техникалык муктаждыктарга отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук саясаттарын ишке ашыруу боюнча чараларды туруктуу негизде көрүшсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, айдын 1-күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө, анын ичинде көмүр жеткирүүгө конкурстарды өткөрүү, отун камдоо боюнча пландык тапшырмалардын аткарылышы, көмүрдүн баасын көрсөтүү менен отун базаларын жана көмүр сатуу пункттарын ачуу жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун конкурстук комиссиялары, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, «Электр станциялар» ААК (макулдашуу боюнча) 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу жана өтүү мезгилине «Кыргызнефтегаз» ААК үчүн жагылуучу мазутту жеткирүү боюнча конкурстарга катышууда Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө карыздары жөнүндө маалыматты берүү талабын убактылуу алып салышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:
- 2017-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларына көмүр жеткирүүчү Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы берген тизмекке ылайык Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу компанияларынын көмүрлөрүнө бааны белгилесин;
- 2017-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө «Кара-Кече» кени – Балыкчы темир жол станциясы жана Таш-Көмүр шаары – Бишкек шаарынын ЖЭБи маршруту боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүрдү ташууга бааны аныктасын жана ал бааларды колдонууга сунуштасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) калк үчүн көмүр жеткирүүчү отун базаларындагы жана сатуу пункттарындагы көмүрдүн баасын көзөмөлдөшсүн. Көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызга жогорулап кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине баанын өсүшүн токтотуу жөнүндө сунуш киргизишсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары берген сунуштарга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызга жогорулап кеткен учурда баага мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республиканын бийик тоолуу шарттарында жана барууга кыйын алыскы зоналарында жашаган адамдар үчүн 2017-жылдагы компенсациялык каражаттарды «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде өз убагында квартал сайын бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
8. Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө «Электр станциялар» ААКынын балансында турган аталган шаарлардын буу казандарын жана коммуналдык-тиричилик чарба объектилерин белгиленген тартипте балансына алуу сунушталсын.
9. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- керектелген электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана жагылуучу мазут үчүн акынын толук көлөмдө өз убагында төлөнүшүн камсыздашсын;
- аба аркылуу жана кабелдик электр берүү линияларынын коргоо зонасында өсүп кеткен бак-дарактарды өз убагында бутап турууга энергетика компанияларына көмөк көрсөтүшсүн.
10. Төмөнкүлөргө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына, айыл өкмөт башчыларына, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы», «Түндүк электр», «Ош электр», «Чыгыш электр», «Жалалабат электр» жана «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКларынын жетекчилерине - электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөөнүн белгиленген лимиттерин аткаруу үчүн;
- электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн төлөмдөр өз убагында берилбегендиги үчүн - бюджеттик уюмдардын жетекчилерине.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы республикага чектешкен мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) аймактары аркылуу өтүүчү электр берүү линияларына жана магистралдык газ түтүк объектилерине пландуу жана авариялык оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл болгондо оңдоочу-техникалык кызматкерлерди, технологиялык жабдууларды жана жарактарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду күз-кыш мезгилине даярдануу жана өтүү учурунда «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармактары», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр», «Чакан ГЭС», «Бишкек жылуулук тармагы», «Кыргызнефтегаз» ААКларынын, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнергия» коммуналдык ишканасынын, Ош «Жылуулукжабдуу» муниципалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканаларынын жана көмүр камдоо ишине тартылган көмүр казуучу ишканалардын алыш-бериш эсептерин жабуу чечимдерин кабыл алышпасын.
13. Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги Казакстан Республикасынын Кулан кенинен алып келинген жогорку радиациялык фондогу көмүрдү утилдештирүү максатында:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарынын ЖЭБинин аймагынан жогорку радиациялык фондогу көмүрдү ташып чыгарууну уюштурсун жана 2017-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө «Кара-Балта» тоо-кен комбинаты» ААК (макулдашуу боюнча) бөлүп берген участокто бул көмүрдү көмүү иш-чараларын жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте 2017-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө төмөнкү маселелерди чечсин:
«Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга таасир берүү боюнча түндүк борбору» мамлекеттик мекемесине жогорку радиациялык фондогу көмүрдү ташуу үчүн зарыл болгон лицензияны берүү;
Бишкек шаарынын ЖЭБинде сакталып турган көмүрдү жүктөө, ташуу жана аны көмүү боюнча иш-чараларды каржылоо;
«Кара-Балта» тоо-кен комбинаты» ААК тарабынан бөлүнгөн участокко жогорку радиациялык фондогу көмүрдү көмүү үчүн ишке тартылган автомобиль техникасын жана ошол аймакты дезактивациялоо;
- «Кара-Балта» тоо-кен комбинаты» ААКга 2017-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө жогорку радиациялык фондогу көмүрдү көмүү үчүн жер участок бөлүп берүү жана аны сактоого алуу сунушталсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суроо-талабы боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБинен «Кара-Балта» тоо-кен комбинаты» ААКга чейин жогорку радиациялык фондогу көмүр жүктөлгөн автомашиналарды (колоннаны) коштоону камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, макулдашуу боюнча «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК жана «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААК Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жогорку радиациялык фондогу көмүрдү көмүү боюнча иш-чараларды уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
14. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы:
- 2017-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө 2015/2016-жылдын жылытуу мезгилинде алынган көмүр үчүн Кыргыз Республикасынын көмүр казуучу ишканаларынын алдындагы карызын жоюу боюнча чараларды көрсүн;
- ишкананын 2017-жылга карата белгиленген пландык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыздасын.
15. «Бишкекжылуулуктармагы» ААКга, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, Ош «Жылуулукжабдуу» муниципалдык ишканасына ишкананын 2017-жылга карата белгиленген пландык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыздоо сунушталсын.
16. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармактары», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр» жана «Жалалабат электр» ААК менен бирдикте республиканын керектөөчүлөрүн электр менен сапаттуу камсыздоо боюнча чараларды көрүү;
- «Кыргызстан улуттук электр тармактары», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр» жана «Жалалабат электр» ААК менен бирдикте 2017-жылы «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын электр тармактарындагы электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлин - 5,9 %га чейин, «Түндүк электр» ААК - 12,4 %га чейин, «Чыгыш электр» ААК - 13,0 %га чейин, «Ош электр» ААК - 12,4 %га чейин, «Жалалабат электр» ААК - 12,4 %га чейин төмөндөтүүнү камсыздоо жана бюджеттик керектөөчүлөрдүн карыздары менен республиканын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган адамдарга 2017-жылдын төртүнчү кварталы үчүн компенсация төлөөнү эсепке албастан дебитордук карызды 30%га төмөндөтүү сунушталсын.
17. «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр», «Бишкекжылуулуктармагы» ААКларына жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:
- электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карыздары бар керектөөчүлөрдү, саламаттык сактоо объектилеринен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринен жана объектилеринен, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кошундарынан, бөлүктөрүнөн жана мекемелеринен, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынан тышкаркы электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттеринен ашык чыгымдалышына жол берген бюджеттик уюмдарды белгиленген тартипте өчүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен бирдикте 2-11-тиркемелеринде көрсөтүлгөн электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөө лимиттеринен ашык чыгымдалышына жол бербөө;
- буу казан жабдууларын оңдоо жана 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүү учурунда өз ара кепилдик жана башка милдеттенмелерди сактоо менен Ош «Жылуулукжабдуу» муниципалдык ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын технологиялык объектилерин электр жабдуудан өчүрбөө.
18. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:
- берүүчүлөр менен жаратылыш газын берүүгө контракттарды түзүү жана 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилинде Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү үчүн жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо;
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын газ менен жабдуунун жана газдаштыруунун башкы схемасынын жана 2015-2017-жылдарга Инвестициялык программанын аткарылышын камсыздоо.
19. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) «Газпром Кыргызстан» ЖЧКга 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын газ менен жабдуунун жана газдаштыруунун башкы схемасын жана 2015-2017-жылдарга Инвестициялык программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүшсүн.
20. «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр» жана «Жалалабат электр» ААКларына жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө лимити ашып кеткен учурда, негизги жабдуулардын жүктөмү ашыкча болгон, кубаттуулук жана электр энергиясы тартыш болгон учурларда электр тармактарынын жүгүн азайтуу графиктерин иштеп чыгуу жана аларды «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКга берүү сунушталсын.
21. Бишкек шаарынын мэриясына 2018-жылдын 1-апрелине чейин жергиликтүү бюджеттен каржылануучу электр жана жылуулук энергиясынын керектөөчүлөрүнүн күндөлүк төлөмдөрүнүн эсебине, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги оңдоо-калыбына келтирүү иштерин максаттуу каржылоого жана Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирилген кыргыз көмүрү үчүн акы төлөөгө «Электр станциялар» ААКнын алыш-бериш эсебине акча каражаттарын ай сайын которууну камсыздоо сунушталсын.
22. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 531 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө» токтомунун 1, 2, 3 жана 5-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
23. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
24. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Тиркеме Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков