Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 “Айыл чарбасын каржылоо – 5” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кредит берүүнүн талаптарын жеңилдетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 “Айыл чарбасын каржылоо – 5” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
1-главада:
- онунчу абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 4-главанын он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Биринчи категориядагы субъекттерге 20дан ашык жумушчу оруну болгон ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн көлөмү 150 (жүз элүү) млн сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |