Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын жогорулатуу жана гидроэнергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендер жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү боюнча ведомстволор аралык тендердик комиссиялар 1 - 14-тиркемелерге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү шарттары 15 - 28-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Ушул буйруктун 18 - 20 жана 22-тиркемелеринде аталган чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерге катышууга арыз берүүдө тендердин катышуучулары 29-тиркемеге ылайык форма боюнча милдеттенмесин тиркей тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде чакан гидроэлектрстанцияларды куруу укугуна тендерлерди өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарында (анын ичинде эл аралык) жарыяласын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков