Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санын оптималдаштыруу, алардын натыйжалуу иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 13-пунктундагы “1865,5” жана “418,5” деген цифралар тийиштүү түрдө “1700” жана “253” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесиндеги 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары:
- бир айлык мөөнөттө техникалык жана тейлөөчү персоналдардын түзүмүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бошотулган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орноштуруу боюнча аракет көрсүн;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен бирдикте мамлекеттик органдар тарабынан штаттык-сметалык тартиптин сакталышын туруктуу түрдө системалуу контролдоону камсыздасын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 601 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 662 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков