КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 115 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын   23-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

 «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 173 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, » деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, » деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу