КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 199 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 “Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын жарандарын идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) менен акысыз камсыздоого байланыштуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-февралындагы № 62 “Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

- 1- 15-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“14. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Республикалык радиотелеборбор” мамлекеттик ишканасы 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун жана бошотулган каражаттарды ишкананы техникалык модернизациялоого жумшасын. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Республикалык радиотелеборбор” мамлекеттик ишканасы 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго отчет берсин. 

15. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы 2015-2016-жылдардагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын  50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы:

 - төлөөдөн бошотулган каражаттарды жүгүртүлүүчү каражаттарды толуктоого жана ишкананы өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы программалык-техникалык каражаттарды жана технологияларды ишке киргизүүгө жумшасын; 

- республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон, 2015-2016-жылдардагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берсин. 

16. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасына 2015-2016-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын 25 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга уруксат берилсин.”; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункту менен толукталсын: 

“17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы  2016-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча республикалык бюджетке таза пайданын 50 пайызын төлөөдөн бошотулсун жана бошогон каражаттар идентификациялык карталарды – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) даярдоого жумшалсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 2016-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө отчет берсин.”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                             С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу