КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун типтерин жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук  паспортторунун мамлекеттик реестринин иштөө системасын аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Ички миграция жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык; - Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын  1-майынан тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков