КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 191 токтому

Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасы жөнүндө

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү, өндүрүштүк кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдалануу жана өндүрүшкө эмгек ресурстарын тартуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасы (мындан ары – Программа) 1-тиркемеге  ылайык;

- Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге  ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Программанын аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлсүн.

3. Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча 15-июлга жана 15-январга карата Программаны жана Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турушсун.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча 15-июлга жана 15-январга карата Программаны жана Иш- чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берүүнү камсыздасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

     Премьер-министр                                                                  С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу