КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-апрелиндеги № 219 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Этностук кыргыздарды колдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу процессин активдештүрүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктунун экинчи абзацындагы “жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар” деген сөздөр алып салынсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жободо:

- аталышындагы “жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар” деген сөздөр алып салынсын;

- 5, 6, 12, 16, 17, 21, 22 жана 23-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү “жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар” деген сөздөр алып салынсын;

- 14 жана 15-пункттарындагы “жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар” деген сөздөр алып салынсын;

- 3, 7, 8, 9, 10 жана 101-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:

“121. Чет мамлекеттердин жарандары же жарандыгы жок адамдар болгон этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде жана ТИМдин консулдук кызматында визалык колдоолорду тариздөөгө, берүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү/чыгуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген болуу мөөнөтү үчүн Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын алууга жана узартууга консулдук жыйымдардан бошотулушат.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:

“19Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган же убактылуу болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын убактылуу же туруктуу консулдук каттоого койгон жана ошол эле учурда алар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн же мурун  биометриялык каттоодон өтүү жол-жобосун ырастаган белгиленген үлгүдөгү документти көрсөткөн учурда консулдук жыйымдардан бошотушсун.”;

- 24-пунктунун 8-пунктчасындагы “инвесторлорго” деген сөз “инвесторлорго жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 25-пунктунун биринчи абзацындагы “Консулдук жыйымдардан” деген сөздөр “Консулдук кызматтарды көрсөтүүдөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген консулдук жыйымдардын ставкаларында:

- 1-пунктундагы “жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар” деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

“41. Ушул ставкалардын 3 жана 4-пункттарынын жоболору Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерге жайылтылбайт.”;

- таблицанын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 51 жана 52-пунктчалар менен толукталсын:


51) бир жолку окуу визасын узартуу:
 

- 3 айдан 6 айга чейин;
20

- 6 айдан 1 жылга чейин;
40

52) көп жолку окуу визасын узартуу:
 

- 3 айдан 6 айга чейин;
30

- 6 айдан 1 жылга чейин;
60

     ”;

- “Консулдук иш-аракеттердин аталышы” графасындагы 3-пункттун 6-пунктчасынын экинчи абзацындагы “15 күнгө” деген цифралар жана сөз “1 айга” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;

- “Консулдук иш-аракеттердин аталышы” графасындагы 3-пункттун 6-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы “1 айга” деген цифра жана сөз “3 айга” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;

- таблицанын 3-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:


8) Мамлекеттик чек аранын эл аралык өткөрүү пункттарында жайгашкан ТИМдин консулдук пункттарында визаны тариздөө:


- диний жана туристтиктен тышкары, бир жолку - 1 айга чейин;
70

- диний жана туристтиктен тышкары, бир жолку - 1 айдан 3 айга чейин;
80

- диний жана туристтиктен тышкары, көп жолку - 1 айдан 3 айга чейин;
100

- диний бир жолку - 1 айга чейин;
70

- диний бир жолку - 1 айдан 2 айга чейин;
80

- туристтик бир жолку 1 айга чейин;
50

- туристтик бир жолку 3 айга чейин;
60

- туристтик көп жолку 3 айга чейин;
70

- транзиттик;
40

- транзиттик эки жолку;
50

 ”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 132 “Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Көп жолку визаларды тариздөө жана берүү үчүн консулдук жыйымдын тарифинин ставкасы өз ара түшүнүшүү принцибинде белгиленгендиги жана төмөнкүлөрдү түзө тургандыгы белгиленсин:

- Америка Кошмо Штаттарынын жарандары үчүн - 205 АКШ долларын жана 5 жылга чейинки мөөнөткө визаны тариздөөгө документтерди берүүдө төлөнөт.

Визаны тариздөөдөн баш тартылган учурда, өлчөмү 205 АКШ долларын түзгөн консулдук жыйым кайтарылып берилбейт.

5 жылга чейинки мөөнөткө көп жолку визаларды кароодогу,  тариздөөдөгү жана берүүдөгү башка шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.”.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 2-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жөнүндө Америка тарапка белгиленген тартипте маалымдасын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу