Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков