КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 203 токтому

Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартибин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары-Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Убактылуу жобо 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 21-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков