КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» токтомунун 7-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө жободо:

аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Департамент» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «Мекеме» деген сөз менен алмаштырылсын;

9-пунктунун «а» пунктчасында:

- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«- токой кадастры үчүн токой фондунун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо, маалыматтар базасын түзүү, архивдештирүү;».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу