КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 186 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 233 «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 233 «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы «59067» деген цифралар «59293» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын:

«2. «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркынын жеринин экспликациясы жана чек арасынын баяндамасы ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.»;

- 4-пунктундагы «Мамлекеттик токой кызматы» деген сөздөр «Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

    3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу