2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө
Өнүктүрүүнүн региондук экономикалык борборлорун түзүүгө, региондорду социалдык – экономикалык өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана башка Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары бир айдын ичинде, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планына киргизүү үчүн сунуштарды берсин.
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айдын ичинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын сунуштарын жалпыласын жана белгиленген тартипте, 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саясатынын концепциясы жөнүндө” 2009-жылдын 11-мартындагы №171 токтому күчүн жоготту деп таанылсын
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков