КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын  30-августундагы № 118 «Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечимин ишке ашыруу максатында,  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 


Премьер-министр                                                                        С.Ш.Жээнбеков