Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин уюштуруу иштерин эффективдүү жүргүзүү максатынды, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасына:
«Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо региондор аралык башкармалар» позициясы «Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, контролдоо боюнча Башкарамалык» позициясы менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер – министр С.Ш.Жээнбеков