КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтому

Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө 

“Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:


  1. Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык  кеңеш (мындан ары – Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Координациялык кеңешке көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле анын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди, маалыматтарды беришсин.
  4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги  Координациялык кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 токтому менен түзүлгөн Улуттук координациялык бюро Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун кызматташуусу боюнча бардык архивдик материалдарды жана кат алышууларды тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча өткөрүп берсин.
  6. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү жөнүндө жободо:

- 5-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 9-пункттун экинчи абзацы  күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10-пункттун 9-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

-13-пункттун 11-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөө регламентинде:

- 8-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 “Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө” токтомунда аныкталган, ошондой эле,” деген сөздөр алып салынсын.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 “Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө” токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 “Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 645 токтому.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

      Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу