Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 “Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик жагымдуулугун жогорулатуу максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 “Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш сегизинчи абзац менен толукталсын:
“Иран Ислам Республикасы*”;
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“(*) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларынын “ишкердик” жана “туристтик” категорияларына гана карата.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков