Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
преамбуладагы “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 211-беренесин деген сөздөр жана цифралар “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесин” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ушул Типтүү жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Салыктык эмес төлөмдөр”, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана регионду өнүктүрүү фондунун (мындан ары-фонд) иштөө тартибин аныктайт.”.
- 9 пунктунда:
үчүнчү абзацындагы “жарандар” деген сөз “жашоочулар” деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Инфраструктура - коомдун жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон курулмаларды, имараттардын жана инженердик тармактардын жыйындысы;”;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“Билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт, коргоо, жарандардын коргонуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана укук коргоо органдары чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын аймактык мекемелеринин өкүлдөрү Фонддун бюджеттик жана атайын каражаттарынан каржылоо үчүн арыз берүүчү аркылуу долбоордук табыштамаларды иштеп чыгууга жана берүүгө укуктуу;”;
- 3 главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Фонддун максаты жана милдети”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 10¹-пункту менен толукталсын:
“10¹. Фонддун милдети болуп шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын негизги артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансы каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо болуп эсептелет.”;
- 11-пунктунун 1-пунктчасында:
жетинчи абзацы “облустарда, райондордо, шаарларда” деген сөздөрдөн кийин “жана айыл аймактарында” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“- билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт, коргоо, жарандардын коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары жана укук коргоо органдары чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын объекттеринин, анын ичинде облус жана район үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон курулушу аякталбаган объекттерди курууга жана оңдоого;”;
- 18-пунктундагы “2 жылдык” деген цифра жана сөз “3 жылдык” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 18¹-пункту менен толукталсын:
“18¹. Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген органдын/уюмдун расмий өкүлү мамлекеттик органдын/уюмдун расмий каты аркылуу анын аты-жөнү жана кызмат орду, ошондой эле өкүл алмашкан учурда себебин көрсөтүү менен аныкталат.”;
- 20-пунктундагы “2 жылдык” деген цифра жана сөз “3 жылдык” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 28-пунктунун 2-пунктчасындагы “кароо жана” деген сөздөр алып салынсын;
- 33-пунктундагы “7 адамдан” деген цифра жана сөз “8 адамдан” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 34-пунктундагы “2 жылдык” деген цифра жана сөз “3 жылдык” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 35-пунктундагы “2 жылдык” деген цифра жана сөз “3 жылдык” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 41-пунктундагы “2 жылдык” деген цифра жана сөз “3 жылдык” деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 62-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“62. Долбоордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуунун наркын табыштаманын ээси Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоого долбоордук табыштаманын бюджетине киргизет.”;
- 65-пунктундагы “Кийинки жылга Өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылоого долбоорлорду кабыл алуунун чектүү мөөнөтү учурдагы жылдын 1-июлуна чейин белгиленет” деген сөздөр жана цифра “Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоого долбоорлорду кабыл алуунун чектик мөөнөтү Байкоочу кеңештин чечими менен учурдагы жылдын ичинде экиден кем эмес мөөнөткө белгиленет” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 69-пунктундагы “1-августтан кечиктирилбей” деген цифра жана сөздөр “долбоорлорду кабыл алуу токтотулган күндөн тартып 30 иш күнүнүн ичинде” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 72 жана 73-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“72. Байкоочу кеңеш Фонддун башкармасынан келип түшкөн долбоорлордун тизмеси катталган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбей Фонддун каражаттарынан каржылоо үчүн долбоорлорду бекитүү боюнча жыйын өткөрөт.
73. Каржылоо үчүн Фонддун башкармасынан келип түшкөн долбоорлорду акыркы тандоо боюнча Байкоочу кеңештин чечими Фондго келип түшүүсү күтүлгөн акча каражаты менен долбоорлордун бюджеттерин салыштырууга негизделет.”;
- 76-пунктунун биринчи абзацы “арыздарды” деген сөздөн кийин “каржылоону” деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков