КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 токтому

Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин  7-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-2022-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик  дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк  чарбаларына     мамлекеттик дотация төлөөгө  каражат караштырсын:

- 2-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилинде себүү   максатында дыйкандарга жана фермерлерге сатуу үчүн экинчи репродукциядагы күздүк жана жаздык буудайдын үрөнүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын өндүрүү көлөмүнө жараша;

- 3-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилинде республиканын үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн   буудайдын, арпанын жана беденин суперэлита жана элита үрөнүн өндүрүү жана сатуу көлөмүнө жараша.

 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

  -  үрөнчүлүк чарбаларын жүргүзүү үчүн жерлерди ижарага берүү мөөнөтүн 20 жылга чейин узартуу;

 - 4-тиркемеге ылайык 2018-2022-жылдар мезгилине үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн республиканын үрөнчүлүк чарбаларына кошумча сугат айдоо жерлерин бөлүп берүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте кароо.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287, 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин кодонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке    ашыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үрөн материалдарынын тизмеси төмөнкүдөй позициялар менен толукталсын:

«

 

Жашылча өсүмдүктөрү (себүү үчүн үрөн):

1209 91 900 0Томаттар
1209 91 900 0Ачуу калемпир
1209 91 900 0Таттуу калемпир
1209 91 900 0Бадыраң
1209 91 900 0Ак баштуу капуста
1209 91 900 0Пияз
1209 91 900 0Сабиз
1209 91 300 0Аш кызылчасы
1209 91 900 0Шалгам
1209 91 900 0Баклажан
0710 40 000 0Кант жүгөрү

 

Бакча өсүмдүктөрү (себүү үчүн үрөн)

1209 99 990 0Дарбыз
1209 99 990 0Коон
1207 99 970 0Ашкабак
 

Май өсүмдүктөрү (себүү үчүн үрөн):

1205 10 900 0Рапс
 

Уруктуу мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөр (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр):

0602 20 900 0Алма багы
0602 20 900 0Алмурут
 

Данектүү мөмө берүүчү жыгач өсүмдүктөр 

(отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр):

0602 20 900 0Кара өрүк
0602 20 900 0Алча
0602 20 900 0Чие
0602 20 900 0Шабдаалы
0602 20 900 0Өрүк
0602 20 900 0Гилас
 

Жемиштер (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр):

0602 20 900 0Кожогат
0602 20 900 0Карагат
0602 20 900 0Дан куурай
0602 20 900 0Жүзүм
 

Жаңгак мөмөлүүлөр (отургузуу үчүн калемчелер, көчөттөр):

0602 20 900 0Жаңгак
0602 20 900 0Мисте
 

Тоют азык тамырдуулар (себүү үчүн үрөн):

1209 29 600 0Тоют кызылчасы

Тоют чанактуулар (себүү үчүн үрөн):

1214 90 900 0Эспарцет

».

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча 2018-2019-жылдар мезгилине тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын, анын ичинде ыңгайсыз жана пайдаланылбай жаткан жерлерде өстүрүү максатында  мөмө питомнигин түзүү боюнча иш-чаралар планын даярдашсын жана    беришсин.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси    жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу