Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278 жана 279-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:
- бардык тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Бажы бирлиги” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө “Евразия экономикалык бирлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-главада:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кайтарып берүү - КНСтен ашып кетүү суммасын башка салыктарды төлөө эсебине чегерүү, ошондой эле ашып кеткен сумманы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 279-беренесине ылайык, салык салынуучу субъекттин банктык эсебине бюджеттен төлөп берүү.”;
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзацы “ордун толтуруу” деген сөздөрдөн кийин “жана кайтарып берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-главада:
4-пункттун 3-пунктчасындагы “орду толтурулат” деген сөздөр “кайтарып берүүгө жатат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-главада:
6 жана 7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Салык салынуучу субъекттин КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу КНС боюнча анын туумдарын жана салыктык санкцияларын төлөө эсебине салык органы тарабынан билдирилбестен эле ишке ашырылат.
7. Импортко КНС боюнча карыздын эсебине КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу салык салынуучу субъекттин арызы боюнча салык органы тарабынан ишке ашырылат. Корутунду салык салынуучу субъекттин карызы бар экендиги же кыйыр салыктар боюнча отчёттун жыйынтыгында келип чыккан, салык салынуучу субъекттин өздүк эсебинин карточкасында карызы бар экендиги жөнүндө бажы органынын маалымкатынын негизинде берилет (“FORM STI-123”).”;
- 5-главада:
аталышы “ордун толтуруу” деген сөздөрдөн кийин “жана кайтарып берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
8-пункттун биринчи абзацы “ордун толтуруу” деген сөздөрдөн кийин “жана кайтарып берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
9, 10, 13-пункттары “ордун толтуруу” деген сөздөрдөн кийин “жана кайтарып берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
14 жана 20-пункттарында:
- биринчи сүйлөмүндөгү “РКБга аткаруу үчүн” деген сөздөр “БКнын аткаруусуна өткөрүп берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Казыналык органы аткаргандан кийин корутунду салык органына берилет.”;
- 15 жана 21-пункттарында:
- биринчи сүйлөмүндөгү “РКБнын же БКнын аткаруусуна ушул Жобонун 51-пунктунун талаптарына ылайык” деген сөздөр “БКнын аткаруусуна берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Казыналык органы аткаргандан кийин корутунду салык органына берилет.”;
- 6-главада:
16-пунктундагы “ырааттуу календарлык айдын” деген сөздөр “катары менен кеткен календардык айлардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктундагы “нөлдүк ставка менен берүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНСтин ашып кетүү суммасы деп ушул Жобонун 4-пунктунун 1, 2, 3 жана 4-пунктчаларын аткаруудан кийин калган сумма түшүнүлөт.” деген сөздөр “кайтарып берүү салык салынуучу субъекттин импортко карата КНС боюнча милдеттенмелерин кошкондо, салыктын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздары жок болгондо ишке ашырылат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-главада:
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26. Импортко КНС боюнча карыздарды төлөө эсебине, салыктардын башка түрлөрү боюнча салык карыздарын төлөө эсебине КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жана банктык эсебине кайтарып берүү жөнүндө салык органына арыз түшкөн учурда салык салынуучу субъект ушул Жобонун 47-пунктуна ылайык документтердин мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.”;
- 28-пунктундагы “импортко КНС боюнча карызынын жок экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин” деген сөздөр “импортко КНС боюнча карызынын жок экендиги жөнүндө бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-29-пункттун 1-пунктчасында:
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ушул Жобонун 47-пунктуна ылайык салык салынуучу субъект тарабынан берилген нөлдүк ставка боюнча салык алынуучуларды жана бошотулган берүүлөрдү кошкондо берүүлөр боюнча алгачкы документтердин реестрин салык органында ыйгарылган номерлер жана сериялары боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын көрсөткүчтөрүндөгү маалыматтарга шайкештигин салыштыруунун натыйжалары;”;
он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- берүүчүлөрдүн эсеп-фактураларынын тууралыгын ырастоонун натыйжалары (утурлама текшерүүгө камтылган берүүчүлөрдү кошпогондо);”;
- 30-пункттун төртүнчү абзацы “бажы органынын маалымкатынын түп нускасын” деген сөздөрдөн кийин “же берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдерди же болбосо товарларды ташып келе турганын күбөлөндүрүүчү башка документтерди;” деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-главада:
- 39-пункту “укуктуу мамлекеттик органынын” деген сөздөрдөн кийин “мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр менен толукталсын;
- 40-пунктунда:
- биринчи абзацы:
“суммасын” деген сөз “суммасынын ордун толтуруу жана” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“жөнүндө “FORM STI-012” корутундусун” деген сөздөн кийин “2 жумуш күнүнүн ичинде” деген сөздөр менен толукталсын;
“ушул Жобонун 51-пунктунун талаптарына ылайык РКБга же БКга” деген сөздөр “БКнын аткаруусуна берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 41-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) материалдык ресурстарды берүүчүлөрдүн эсеп-фактураларын ырастоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзөт;”;
- IV бөлүмүндө:
47-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
10) эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук запас катары реактивдүү отунду жеткирип берүүдө, май куюучу уюм (салык салынуучу объект) эл аралык каттамдарды, эл аралык аба ташууларын аткаруучу аба кемелерине авиаотун куйгандыгын ырастаган коммерциялык документти берүүгө тийиш, анда рейс, учуу багыты, аба кемесинин канатына куюлган авиаотундун көлөмү көрсөтүлүшү керек.”;
471-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук запас катары реактивдүү отунду жеткирип берүүдө, - рейсин, учуу багытын, аба кемесинин канатына куюлган авиаотундун көлөмүн көрсөтүү менен эл аралык каттамдарды, эл аралык аба ташууларын аткаруучу аба кемелерине авиаотун куйгандыгын ырастаган коммерциялык документти (куюуга талап/ ордер) (товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын ордуна);”.
-V бөлүмүндө:
- аталышындагы “министрлиги” деген сөз “министрлигинин Борбордук казыналыгы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 48-пунктунун экинчи абзацы “ордун толтуруу” деген сөздөрдөн кийин “жана кайтарып берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Жобонун № 1 тиркемесинде:
жетинчи абзацындагы “СЖМКБга” деген аббревиатура “салык органына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун № 2 жана № 3 тиркемелеринде:
аталыштарындагы “СЖМКБга” деген аббревиатура “салык органына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков