КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 «Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууга карата пилоттук долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 763 «Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пунктундагы «2016-жылдын 1-августуна» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын 1-августуна» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу