“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 “Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2562 жана 2563-беренелеринин ченемдерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 “Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген кошумча нарк салыгы боюнча отчеттун FORM STI-062 формасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:
3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пунктчалар менен толукталсын:
“4) “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча салык төлөөчүнүн жеткирүүлөрүнүн реестри” (FORM STI-062-004) 04-тиркемеден;
“5) “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча сатып алынган материалдык ресурстардын реестри” (FORM STI-062-004) 05-тиркемеден;
8-пункту “анын тиркемелеринин (FORM STI-062-001, 062-002, 062-003)” деген сөздөрдөн жана цифралардан кийин “062-004, 062-005” деген цифралар менен толукталсын;
21-пункту “058” деген цифралардан кийин “, 069 жана 071” деген цифралар менен толукталсын;
29-пунктунун үчүнчү абзацындагы “Эскертүү.” деген сөз алып салынсын;
34-пунктунун үчүнчү абзацындагы “Эскертүү.” деген сөз алып салынсын;
38-пунктунда:
- экинчи абзац “салык салынуучу субъект тарабынан” деген сөздөрдөн кийин “таанылган КНСтин кошуп эсептелген (азайтылган) суммаларына карата” деген сөздөр жана аббревиатуралар менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«Салыктык контракттын негизинде ишкердиктин бардык түрлөрү боюнча КНС төлөгөн салык салынуучу субъект салык органына КНС боюнча отчетту (FORM STI-062) “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча маалымат” III бөлүмүн толтуруу жана ал боюнча көрсөткүчтөрү болсо, тийиштүү тиркемелери менен тапшырат.
Ишкердиктин айрым түрлөрү боюнча – салыктык контракттын негизинде жана ишкердиктин башка түрлөрү боюнча – жалпы салыктык режим боюнча КНС төлөгөн салык салынуучу субъект салык органына КНС боюнча отчетту (FORM STI-062), эгерде ал боюнча көрсөткүчтөрү болсо, тийиштүү тиркемелери менен тапшырат.”;
382-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
383-пунктунда:
- биринчи абзацтагы “069” деген цифралар “068” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1-пунктчадагы “же салык контрагынан” деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктчадагы “же салык контрагы боюнча иш” жана “жана 068”деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 384-387-пункттар менен толукталсын:
“384. 069-уячада отчеттук салык мезгили үчүн салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иштин түрлөрү боюнча салык салынуучу жеткирүүлөрдүн жалпы наркы көрсөтүлөт. Бул көрсөткүч КНС боюнча отчеттун 04-тиркемесинин акыркы барагынын 9-графасындагы “Реестр боюнча бардыгы” сабынын жыйынтыктоочу маанисине барабар.
Эскертүү. Бул уячада салык салынуучу субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын аймагынан тышкары ишке ашырылган жеткирүүлөр чагылдырылат.
385. 070-уячада отчеттук салык мезгили үчүн салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча ишке ашырылган салык салынуучу жеткирүүлөр үчүн КНСтин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул көрсөткүч КНС боюнча отчеттун 04-тиркемесинин акыркы барагындагы “Реестр боюнча бардыгы” сабынын 10-графасынын жыйынтыктоочу маанисине барабар.
386. 071-уячада отчеттук салык мезгили үчүн салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча сатып алынган материалдык ресурстардын жалпы наркы көрсөтүлөт. Бул көрсөткүч КНС боюнча отчеттун 05-тиркемесинин акыркы барагындагы “Реестр боюнча бардыгы” сабынын 7-графасынын жыйынтыктоочу маанисине барабар.
Эскертүү. Бул уячада Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген материалдык ресурстар чагылдырылат.
387. 072-уячада отчеттук салык мезгили салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы көрсөтүлөт. Бул көрсөткүч КНС боюнча отчеттун 05-тиркемесинин акыркы барагындагы “Реестр боюнча бардыгы” сабынын 8-графасынын жыйынтыктоочу маанисине барабар.”;
391-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“391. 003-уячада төмөнкү цифралык белгилөөлөрдүн бири көрсөтүлөт:
1) эгерде, КНС боюнча отчет салыктык контракттын негизинде салык төлөгөн салык салынуучу субъект тарабынан берилсе “1”;
2) эгерде, салык салынуучу субъект салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КНС боюнча отчеттун ал тарабынан таанылган кошуп эсептелген (азайтылган) көрсөткүчтөрүнө карата КНС боюнча такталган отчетту берсе “2”.”;
3-главанын аталышы “(FORM STI-062-001)” деген сөздөрдөн жана цифралардан кийин “жана “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча салык төлөөчүнүн жеткирүүлөрүнүн реестри” 04-тиркемесин (FORM STI-062-004)” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 411-пункт менен толукталсын:
“411. КНС боюнча отчеттун “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча салык төлөөчүнүн жеткирүүлөрүнүн реестри” 04-тиркемесинде (FORM STI-062-004) салыктык контракттын негизиндеги иш боюнча салык салынуучу субъект тарабынан ишке ашырылган салык салынуучу жеткирүүлөр тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.”;
42-пункту “01-тиркеменин” деген цифралардан жана сөздөн кийин “, 04-тиркеменин” деген цифралар жана сөз менен толукталсын;
45-пунктунда:
- 1-пунктчанын эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эскертүү. КНСтин эсеп-фактурасынын жазып берилген датасы салык органы тарабынан КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери ыйгарылган датадан эрте болбошу керек.”;
3-пунктчанын эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эскертүү. КНСтин эсеп-фактурасын тариздөөдө 2 жана 3-графалар боюнча маалыматтар Реестрди берген салык салынуучу субъектке салык органы тарабынан ыйгарылган КНСтин эсеп-фактураларынын номерлерине жана серияларына шайкеш келүүгө тийиш. 2 жана 3-графаларда көрсөтүлгөн эсеп-фактуралардын номерлери жана сериялары ошол салык салынуучу субъект тарабынан өткөн жана отчеттук салык мезгили үчүн салык органына берилген Эсеп-фактураларынын жараксыз бланкаларынын реестрине, Кыргыз Республикасында сатып алынган материалдык ресурстардын реестрине жана Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча сатып алынган материалдык ресурстардын реестрине киргизилбеши керек.”;
- 4-пунктчанын таблицасындагы “200-299 “Бошотулган жеткирүүлөр” позициясы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы - жыйырма сегизинчи позициялар менен толукталсын:
“
224 | Эл аралык аба аркылуу ташууларды ишке ашыруучу аба кемелерине май куюу үчүн реактивдүү отунду жеткирүү |
226 | Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды жеткирүү |
299 | Башка жеткирүүлөр |
”;
- “300-399 “Салык салынбаган жеткирүүлөр” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу позиция менен толукталсын:
“
399 | Башкалар |
”;
49, 50, 501, 51, 52 жана 53-пункттарындагы “Акыркы барактын” деген сөздөр “01-тиркеменин акыркы барагынын” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 502-пункт менен толукталсын:
“502. 04-тиркеменин акыркы барагынын 9 жана 10-графаларындагы “Реестр боюнча бардыгы” сабынын мааниси тиешелүү түрдө КНС боюнча отчеттун 069 жана 070-уячаларына көчүрүлөт.”;
55-пунктунун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“салык органы тарабынан КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери ыйгарылган датадан эрте болбоого тийиш дата.”;
4-главанын аталышы “(FORM STI-062-002)” деген сөздөрдөн жана цифралардан кийин “жана “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча сатып алынган материалдык ресурстардын реестри” 05-тиркемесин (FORM STI-062-005)” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 591-пункт менен толукталсын:
“591. КНС боюнча отчеттун “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча сатып алынган материалдык ресурстардын реестри” 05-тиркемесинде (FORM STI-062-005) (мындан ары – 05-тиркеме же Реестр) салыктык контракттын негизинде иш жүргүзгөн салык салынуучу субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген материалдык ресурстар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.”;
60-пунктундагы “02-тиркеменин” деген цифралар жана сөз “02, 05-тиркемелердин” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
63-пунктунун 2-пунктчасынын эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эскертүү. 1 жана 2-графалардын маалыматтары Реестрге киргизилген жеткирүүчүгө салык органы тарабынан ыйгарылган КНСтин эсеп-фактураларынын номерлерине жана серияларына шайкеш келүүсү тийиш. 1 жана 2-графаларда көрсөтүлгөн эсеп-фактуралардын номерлери жана сериялары Жеткирүүлөрдүн реестрине жана Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча салык төлөөчүнүн жеткирүүлөрүнүн реестрине киргизилиши керек жана ошол жеткирүүчү тарабынан өткөн жана отчеттук салык мезгили үчүн салык органына берилген КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланкаларынын реестрине киргизилбеши керек.”;
66-пунктундагы “7 жана 9-графалар” деген цифралар жана сөздөр “2-тиркеменин 7 жана 9-графалары” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
661-пунктундагы “Акыркы барактын” деген сөздөр “02-тиркеменин акыркы барагынын” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 662-пункт менен толукталсын:
“662. 05-тиркеменин 7 жана 9-графаларынын “Реестр боюнча бардыгы” сабынын мааниси тиешелүү түрдө КНС боюнча отчеттун 071 жана 072-уячаларына көчүрүлөт.”;
79-пункту төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“Эскертүү. 03-тиркеменин 5 жана 10-графаларынын “Реестр боюнча бардыгы” жыйынтыктоочу сабынын маалыматтары контролдук баалардын минималдуу деңгээли колдонулган, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген товарларга карата КНС боюнча отчеттун 056 жана 061-уячаларынын маалыматтарына шайкеш келбей калышы мүмкүн.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков