КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13- мартындагы № 151 токтому

Дем алыш күнүн которуу жөнүндө

2017-жылдагы дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 25-мартындагы жумуш эмес күнү 2017-жылдын  20-мартындагы жумуш күнүнө которулсун.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу