КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтому

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маянасынын өлчөмүн эсептөө үчүн негиз болуп эсептелген 5000 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктоодо колдонулган кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенттери 2-4-тиркемелерге ылайык;

- административдик кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу эселүүлүк коэффициенттеринин торчосу    5-тиркемеге ылайык;

- мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн колдонулуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзөтүүчү коэффициенттери 6-тиркемеге ылайык;

- мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн, дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына - дипломатиялык ранг үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 7-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 8-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;

- ушул токтомдо каралган Эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасынын күчү жайылтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси 10-тиркемеге ылайык.

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы өргүүгө чыкканда ден соолугун чыңдоо үчүн ага эки айлык эмгек акы өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөрү;

- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк төлөнөрү;

- иштин жашырын мүнөзү үчүн мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайыздык үстөк төлөнөрү;

- жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген башка үстөктөрдү жана төлөөлөрдү белгилеши мүмкүн экендиги;

- мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка үстөктөр жана кошумча төлөөлөр эмгек акы төлөө фондунун чегинде төлөнүшү мүмкүн экендиги;

- муниципалдык кызматчыларга класстык чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тийиштүү жылга каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылары;

- ушул токтом күчүнө киргендигине байланыштуу, мурда колдонулган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна ылайык мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга ыйгарылган эмгек акы төлөө торчосундагы кадамдар ушул токтомдун 5-тиркемесине шайкеш келтирилери;

- баалоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоого жана класстык чендерди ыйгарууга сунуштамаларга карата жобонун ченемдери 2018-жылдын 1-январынан тартып колдонулары.

5. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматынын ишин баалоону эске алуу менен ишинин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, кесиптик жана чыгармачылык демилгеси үчүн мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.

Аталган дем берүүчү төлөөлөр жарым жыл үчүн мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын орточо эки айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө жана жылдын натыйжасы боюнча мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын орточо эки айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө төлөнөөрү белгиленсин.

Эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөлгөн акча каражаттарын дем берүүчү төлөөлөргө бөлүштүрүүнүн негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

6. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык бул Мыйзамдын күчү жайылтылган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларына эмгек акы төлөөдө чекиттик, системалуу эмес өзгөртүүлөргө мораторий белгиленсин.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен (макулдашуу боюнча) бирдикте мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасына которууну камсыз кылып жаткан мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн минималдуу базалык ставкаларынын өлчөмдөрүн этап-этабы менен өзгөртүү боюнча сунуштарды 2017-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

8. Ушул токтомдун 2-5-пункттары ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтыла тургандыгы белгиленсин.

9. Ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн Эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасынын күчү жайылтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмесинин 1-пункту 2017-жылдын 1-апрелинен тартып күчүн жогото тургандыгы белгиленсин.

10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020 - жылдарга карата чаралар жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун алтынчы абзацы;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун он жетинчи жана он сегизинчи абзацтары жана 2-пункту;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 458 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2015-жылдын 2-ноябрындагы № 759 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 46 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 23-пункту;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 387 токтому.

11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                            С.Ш.Жээнбеков