Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган, менчигинин түрү мамлекеттик болгон юридикалык жактардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле аларга иштеринин натыйжалары үчүн материалдык дем берүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 266 «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, преамбуласындагы, 1 жана 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөргө, 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын –«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - «ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жободо:
- аталышындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - «ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-главада:
бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - «ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы «башкаруу аппаратынын кызматкерлерине, ошондой эле» деген сөздөр алып салынсын;
- 2-главада:
алтынчы абзацындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - «ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главанын тогузунчу жана онунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө кошумча акы белгиленет. Аталган кошумча акыны киргизүү менен байланышкан чыгымдар телерадиоберүү уюмдарынын кызматкерлерине бекитилген эмгек акы фондунун чегинде төлөнөт.
Кызматкерлерге акчалай сыйлык берүү жогорку башкаруу органы тарабынан бекитилген Сыйлоо жөнүндө жобого ылайык эмгек акы төлөө фондунун эсебинен жүргүзүлөт»;
- 5-главанын экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - «ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - «ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлеринин базалык маяналарында:
- аталышындагы жана 4-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - «ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «Коомдук көрсөтүү - ЭЛТР» телерадиоберүү компаниясынын административдик-башкаруу, чыгармачылык-өндүрүштүк, өндүрүштүк-техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин типтүү штаттары ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө жободо:
- 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
«Облустук телерадиоберүү уюмдарынын, облустук жана райондук гезиттердин кызматкерлерин квартал сайын акчалай сыйлоо бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде, кызматтык маянанын 75 пайызына чейинки өлчөмдө жүргүзүлөт».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 17-19-тиркемелери ушул токтомдун 2-4-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун киргизсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков