Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 24 февралындагы № 1 буйругу

 Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана эсепке алуу процессин регламенттөөчү документтердин пакетин бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январдагы №11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-майындагы № 553-VI «Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө» токтомуна  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык буйрук кылам:

 1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана эсепке алуу процессин регламенттөөчү ченемдик актылар бекитилсин: 

№1 тиркеме «Мамлекеттик мүлктүн инвентаризациясын жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмө». 

№2 тиркеме «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча методикалык нускамалар» (мындан ары – ММБР). 

№3  тиркеме «ММБРде колдонулуучу классификатору жана маалымдамалар» 

№4 тиркеме «ММБРди пайдалануучуга колдонмо». 

№5 тиркеме «ММБРдин админстраторунун колдонмосу». 

№6 тиркеме «Маалыматтарды резервдик көчүрмөлөө планы». 

№7 тиркеме «ММБРдин сыйымдуулугун баалоо планы». 

№8 тиркеме «ММБР менен иш алып баруу үчүн ЭСКны орнотуу боюнча кыскача нускама».

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри» (мындар ары – ММБР) ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системаны  алып баруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган деп жарыялансын. 

3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин бардык мамлекеттик органдарына:

1)  ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик актылар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн инвентаризациялоо жана эсепке алууну жүргүзүүдө колдонулсун; 

2)  бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы, ченемдик актылары жана бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттук чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын методикалык документтери колдонулсун;

 3) ММБРге мамлекеттик мүлктүн инвентаризациясын, далдаштыруусун жана эсепке алууну жүргүзүүдө негизги фонддордун мамлекеттик статистикалык классификатору (НФМСК), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети бекиткен башка классификаторлор жана маалымдамалар колдонулсун; 

4)  кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө укугун белгилеген жана укугун ырастаган документтердин бардыгын камсыздасын (жер участкасын пайдалануу укугу жөнүндө акт, курулушка жана курулмага техникалык паспорту (инвентардык делосу), курулуп бүтпөгөн объекттер тууралуу актылар, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана башкалар); 

5)  отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-январына жылдык бухгалтердик отчёт түзүүнүн алдында жылына бир жолудан кем эмес мамлекеттик мүлктүн инвентаризациясы жүргүзүлсүн;

 6)  ММБРге инвентаризациянын жыйынтыгын  отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө толук көлөмдө жана ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик актыларга ылайык бекитилген формалар боюнча беришсин;

 7)  учур чыккандан тартып ченемдик актылар менен белгиленген мөөнөттө негизделген документтерди тиркөө менен ММБРге туруктуу негизде өзгөртүү киргизилип турат: 

– мүлк боюнча баштапкы маалыматы өзгөргөндө (жайгашкан жери, техникалык мүнөздөмөлөрү жана башкалар өзгөргөндө); 

– мүлктү сатканда, сатып алганда, өткөрүп бергенде, белеке бергенде, алмаштырганда, жоготкондо, эсептен чыгарганда, кайра бааланганда жана башка бүтүм жасаганда; 

– үчүнчү жактын укугу менен мүлктү оорлоткондо (ижара, күрөө, убактылуу акысыз пайдаланууда жана башкалар) камак салганда жана мүлккө башка чектөөлөр; 

8)  министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин орун басарларына инвентаризациянын жыйынтыктарынын сапатына, өз убагына жана ишенимдүүлүгүнө,  тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзүүгө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

 4.  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалык аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык менчиктин материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, далдаштыруу, кайра баалоо жана эсепке алуу максатында ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети бекиткен негизги фонддордун мамлекеттик класификаторун колдонуу сунушталсын.

 5.   Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  ушул буйрукка жана анын тиркемесине ылайык жылдык инвентаризация жүргүзүшсүн, органдын балансында турган мамлекеттик мүлк жөнүндө ички маалымат базасын түзүшсүн, жана КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 жана 1996-жылдын 23-декабрындагы  №619/35 токтомдору менен бекитилген  «Маалыматтын жашырындык категориялар даражасын белгилөө жана жумушта, документтерде жана буюмдарда камтылган жашырындык маалыматтардын даражасын аныктоо тартиби жөнүндө» Жобого жана «Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, администрациялык ведомстволорунда, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында жашырындык режимин камсыздоо боюнча» Нускамага ылайык бухгалтердик мүнөздөгү ишенимдүү эсепке алуу маалыматын беришсин. 

6.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун  документтик камсыздоо жана аткаруунуц контроолдоо бөлүмү ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналына жана маалымдардын электрондук базасына жазуу киргизүү жолу менен  ченемдик актыларды кабыл алган күндөн бир жумуштук күндүн ичинде каттасын. 

7.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Басма-сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин-Тоо» газетасында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун расмий веб-сайттарында жарыяласын.

 8.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Эсепке алуу жана реестр башкармалыгы: – ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн; – бул буйрук күчүнө кирген күндөн үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин. 

9.  Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

10.  Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруубоюнча фонддун төрагасы                                                      Б. К. Казаков

тиркеме