Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жободо:
- 14-пунктунун бешинчи абзацындагы «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» деген сөздөр «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация – бул мазмуну төмөндөгү квалификациялык белгилердин бирине туура келген жеке илимий-квалификациялык иш:
- жаңы илимий багытты иштеп чыгуу же жыйындысы тиешелүү илимдин тармагындагы ири жетишкендик катары эсептеле турган актуалдуу илимий багыттын бирин жана негизинен жаңы натыйжалардын мазмунун концептуалдуу өнүктүрүү;
- тиешелүү илим тармагындагы илим чөйрөсүнө жана тематикасына жараша өнүгүүгө жана илимий-техникалык прогрессти тездетүүгө зор салым кошо турган илимий жактан жаңы негизделген техникалык, социалдык-экономикалык жана технологиялык методдорду иштеп чыгуу жолу менен илимий ири проблемаларды чечүү.»;
- 11-пунктундагы «же илимдин тармагы» деген сөздөр алып салынсын;
-14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Диссертациянын автору тарабынан сунуш кылынган жаңы чечимдер автор тарабынан өтө так аргументтелиши жана расмий оппоненттер, диссертациялык кеңештин, ошондой эле, эксперттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан башка белгилүү чечимдерге салыштырмалуу сын көз менен бааланышы керек.»;
-15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Өндүрүшкө киргизүү актыларынын түп нускалары иш жүзүнө ашырылган мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилиши жана персоналдарды башкаруунун тиешелүү бөлүмү тарабынан тастыкталышы керек.»;
-16-пункту «илимий» деген сөздөн кийин «мезгилдүү» деген сөз менен толукталсын;
- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Илимий доклад түрүндөгү доктордук диссертацияны коргоо үчүн жеке өзүнүн монографиясы жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган «Scopus», «Web of Science» же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда 12ден кем эмес макаласы болушу керек.
Илимий доклад түрүндө сунуш кылынган доктордук диссертацияга коюлуучу талаптар, анын коргоосун өткөрүү тартиби Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо менен аныкталат.»;
- 27-пунктунун үчүнчү абзацындагы «Докторлук диссертациянын темасы» деген сөздөр «Докторлук диссертациянын темасы жана илимий кеңешчи» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пунктунда:
«ал эми башка адистиктер боюнча эмгектердин жыйындысына» деген сөздөр «же чектеш адистик боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«же илимдер» деген сөздөр алып салынсын;
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«29. Комиссиянын уруксаты менен (Комиссиянын эксперттик кеңешинин чечиминин негизинде) илимий жетекчиликке илимий жана илимий-педагогикалык стажы бар, 5 жылдан кем эмес доцент же улук илимий кызматкер окумуштуулук наамында болгон, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган «Scopus», «Web of Science» же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 9 макаласы бар илимдин кандидаты тартылышы мүмкүн. Баллдын өлчөмү Комиссиянын президиумунун чечими менен белгиленет.»;
- 33-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ошону менен бирге, Комиссияга тапшырылган диссертация плагиаттын бар же жок экендигин аныктоо үчүн «Антиплагиат» компьютердик программасы боюнча текшерилет. Диссертацияда авторуна жана өздөштүрүлгөн булакка шилтеме жасабастан башка бирөөнүн ишин колдонуу, окумуштуулук даражаны изденүүчү менен авторлоштукта аткарылган илимий иштин натыйжаларын авторлошторуна шилтеме жасабастан жана жеке өз иши катары берүү плагиат деп таанылат. Мындай диссертация кайрадан коргоо укугу берилбестен четке кагылат. Четке кагылган диссертация жөнүндө маалымат Комиссиянын жана диссертациялык кеңеш түзүлгөн мекеменин сайттарына жайгаштырылат.»;
- 44-пункту «чет» деген сөздөн кийин «мамлекеттик тилдери» деген сөздөр менен толукталсын;
- 47-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«47. Кыргыз жана чет тилдери боюнча адис адамдар ошол адистик боюнча аспирантурасы бар жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде мамлекеттик жана чет тилдери боюнча кандидаттык экзамен беришет.»;
- 49-пункту «аспирантурасы» деген сөздүн алдында «тиешелүү адистик боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
- 58-пунктундагы «аппаратынын кызматкерлери» деген сөздөр алып салынсын;
- 61-пунктундагы «диссертация кайсы тилде жазылса, ошол тилде» деген сөздөр «мамлекеттик жана расмий тилдерде» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 62-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«62. Диссертацияны коргоого кабыл алгандан жана диссертациялык кеңештин диссертациянын авторефератын чыгарууга берген уруксатын алгандан кийин, диссертациянын коргоо датасы жөнүндө жарыя, изденүүчүнүн PDF форматындагы диссертациянын тексти жана авторефераты Комиссиянын жана диссертациялык кеңеш иштеп жаткан мекеменин сайттарына жайгаштырылат.»;
- 63-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Авторефераттын мукабасынын экинчи бетине диссертациялык кеңеш иштеп жаткан жана диссертациянын коргоосу өтө турган мекеменин сайтынын дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлөт.»;
- 65-пункту «объектиси» деген сөздөн кийин «жана предметин» деген сөздөр менен толукталсын;
- 70-пунктунун биринчи абзацы «диссертациялык кеңештин» деген сөздөрдөн кийин «тиешелүү адистиктин шифры боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
- 90-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Диссертациянын классификациялык белгилери Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобого ылайык келтирилет.»;
- 91-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Диссертациялык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөндө изденүүчүлөрдүн аттестациялык иштерин сактоо боюнча жоопкерчилик изденүүчүнүн диссертациясынын коргоосу өткөн диссертациялык кеңешти уюштуруучу мекеменин жетекчисине жүктөлөт.»
- 94-пункту «жылдан кийин гана» деген сөздөрдөн кийин «кайрадан иштелип чыккан түрдө» деген сөздөр менен толукталсын;
- 102-пунктундагы «6 ай» жана «4 ай» деген цифралар жана сөздөр «4 ай» жана «3 ай» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 106-пункту «кайрадан коргоого жалпы негизде» деген сөздөрдөн кийин «Комиссиянын чечими чыккан күндөн баштап» деген сөздөр менен толукталсын;
- 107-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«107. Диссертацияны коргоонун процедурасы бузулган учурда Комиссия диссертациялык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын жана окумуштуу катчысын аларга кайрадан шайлоо укугун бербестен кызматынан четтетет жана диссертацияны кайрадан коргоого жиберет, кайтарылган диссертация Комиссиянын президиумунун чечими кабыл алынган мөөнөттөн 3 айдан эрте эмес убакытта корголушу мүмкүн.»;
- 110-пунктунун экинчи абзацындагы «Плагиат» деген сөз «Антиплагиат» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 111-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Чет мамлекеттерде берилген хабилитация доктору (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражалары Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына диссертацияны экспертизадан өткөргөндөн кийин жана дипломдорун Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 671 «Чет мамлекеттерде берилген хабилитация доктору (Dr.Habil.) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу» токтому менен аныкталган тартипте кайрадан аттестациядан өткөргөндөн кийин эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.»;
- 112-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«112. Илимдин кандидаты/доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таануу үчүн Комиссияга тапшырылган философиянын докторунун (PhD), хабилитация докторунун (Dr.habil.) диссертациясы плагиат бар же жок экендигин аныктоо үчүн «Антиплагиат» компьютердик программасы боюнча текшерүүдөн өткөрүлөт. Плагиат жок болсо же дал келүү жол берилген пайызда болсо, Комиссия диссертацияны андан ары Комиссиянын эксперттик кеңешинде кароого уруксат берет.»;
- 114-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«114. Чет мамлекеттерде берилген хабилитация доктору (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын, философиянын доктору (PhD) академиялык даражасынын окумуштуулук даражалар дипломдорун нострификациялоо жана кайрадан аттестациялоо үчүн изденүүчү Комиссияга ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн тизмедеги документтерди жөнөтөт.
Илимдин доктору окумуштуулук даражасынын, хабилитация доктору (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын диссертацияларын жана аттестациялык делолорун кайрадан аттестациялоону Комиссияда кароонун мөөнөтү 4 ай, ал эми илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасынын, философиянын доктору (PhD) диссертацияларын жана аттестациялык делолорун кайрадан аттестациялоону кароонун мөөнөттөрү - 3 ай.
Илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражалары үчүн изденүүчүгө кошумча акы башка мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражалар жөнүндөгү дипломдору Комиссиядан нострификациялангандан жана кайрадан аттестациялангандан кийин негизги иштеген жери боюнча төлөнүп берилет.»;
- 117-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«117. Дипломун таануу жана нострификациялоо жөнүндө философиянын доктору (PhD) өтүнүч кат менен кайрылганда, Комиссия изденүүчүгө тиешелүү адистик боюнча мамлекеттик үлгүдөгү философиянын доктору (PhD) дипломун берет.
Дипломун таануу жана нострификациялоо жөнүндө хабилитация доктору (Dr.Habil.) өтүнүч кат менен кайрылганда, Комиссия изденүүчүгө тиешелүү адистик боюнча илимдин доктору дипломун берет.»;
- 1-тиркемеде:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Белгиленген форма боюнча илимий эмгектердин тизмеси.»;
- 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-тиркемеде:
- 2-пункту «өтүнүч каты» деген сөздөргө чейин «изденүүчүнүн арызы же» деген сөздөр менен толукталсын;
жогорудагы токтом менен бекитилген Диссертациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 6-пунктундагы «кепилдиги» деген сөз «кепилдиктери» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы «докторлук диссертациялар» деген сөздөр «илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункту «өздөрүнө алышат» деген сөздөрдөн кийин «ал диссертациялык кеңеш ачуу жөнүндөгү өтүнүч катка тиркелет» деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пункту «акыркы беш жыл ичинде» деген сөздөрдөн кийин «Scopus», «Web of Science» же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү» деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункттагы «Докторлук диссертациялык кеңеш» деген сөздөр «илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Илимдин кандидаттары автореферат боюнча туура келген адистиктеги шифрге ээ болуусу керек.»;
- 22-пункту «шифрге» деген сөздүн алдында «адистиктеги» деген сөз менен толукталсын;
- 28-пунктунда:
экинчи абзацындагы «Кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш» деген сөздөр «Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңеш ага кандидаттык диссертацияны коргоого укук берилген адистиктер боюнча даярдалган докторлук диссертацияларды диссертациялык кеңештин курамына диссертациялык иштин адистигине туура келген кошумча адистерди киргизүү шарты менен бир жолку коргоого кабыл алууга укуктуу»;
- 29-пунктунда:
биринчи абзацындагы «кошумча талкууну» деген сөздөр «алдын ала коргоону» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Докторлук диссертация эки адистик же илимдин эки тармагын камтып, анын бирөөсү боюнча диссертациялык кеңешке докторлук, экинчисине кандидаттык диссертацияларды кабыл алууга укук берилген докторлук диссертацияны коргоого кабыл алган учурда, диссертациялык кеңештин курамына киргизилүүчү адистердин саны кандидаттык диссертациялар корголуп жаткан адистиктер боюнча киргизилген диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн эсебинен азайтылышы мүмкүн.»;
- 34-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Изденүүчүнүн диссертациясын жана аттестациялык делосун кабыл алган күндөн баштап диссертациялык кеңеште диссертацияны кароонун бардык этаптары Комиссиянын жана диссертациялык кеңеш иштеп жаткан мекеменин сайттарында чагылдырылат.»;
- 37-пунктунда:
биринчи абзацы «диссертацияларды кабыл алуу датасына ылайык коюлат» деген сөздөрдөн кийин «жана электрондук кезекте чагылдырылат» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Диссертацияларды коргоо боюнча электрондук кезектин тартиби бузулган учурда диссертациялык кеңештин иши Комиссия тарабынан токтотулат. Диссертациялык кеңештин андан аркы иш улантуусу төраганы, төраганын орун басарын жана окумуштуу катчыны алмаштыргандан кийин гана болот.»;
- 39-пунктундагы «далилсиз cебептер менен» деген сөздөр алып салынсын;
- 40-пункту «төрагасын» деген сөздөн кийин «, төраганын орун басарын жана окумуштуу катчысын» деген сөздөр менен толукталсын;
- 46-пункту «ошондой эле,» деген сөздөрдөн кийин «ушул Жобонун 12-тиркемесинде» деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
- 48-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Эгер эксперттик комиссиянын мүчөлөрү диссертацияга оң пикир берип, кийин ал диссертация Комиссиянын президиуму тарабынан четке кагылса, алар диссертацияларды алдын ала экспертизалоо укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылат.»;
- 49-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«49. Диссертациялык кеңеш эксперттик комиссиянын кортундусунун негизинде диссертациянын алдын ала коргоосун өткөрөт. Диссертациялык кеңештин чечими протокол түрүндө таризделет.»;
- 52-пунктундагы «изденүүчүнү коргоонун электрондук кезегине киргизет» деген сөздөр «Комиссиянын сайтына жана диссертациялык кеңеш иштеп жаткан, коргоо өтө турган мекеменин сайтындагы барагында болжолдуу коргоо айын көрсөтөт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 58-пунктундагы «30 календарлык күн» деген цифралар жана сөздөр «бир ай» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 59-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«59. Корголуучу диссертация жөнүндө жарыянын тексти ушул Жобонун 9-тиркемесиндеги формага ылайык, ошондой эле диссертация жана автореферат диссертацияны коргоого бир ай калганга чейинки убакыттан кечиктирилбей Комиссиянын жана диссертациялык кеңеш иштеп жаткан мекеменин сайттарында жайгаштырылат.
Ошондой эле диссертациялык кеңеш иштеп жаткан жана коргоо өтө турган мекеменин сайтына изденүүчүнүн макалалары, эксперттик комиссиянын корутундусу, диссертациялык кеңешке келип түшкөн учурдан баштап расмий оппоненттеринин, жетектөөчү уюмдун пикирлери жайгаштырылат.»;
- 63-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«63. Кворум болбой же расмий оппоненттери келбей калып, же жетектөөчү уюмдун пикири жок болуп, же диссертацияга терс пикир берген расмий оппонент келбей, кеңештин жыйыны белгиленген күнү өтпөй калган учурда, диссертациялык кеңеш Комиссиянын уруксаты менен диссертацияны коргоонун жаңы датасын, бирок коргоонун мурдагы датасынан бир айдан ашык эмес убакытты белгилейт. Бул учурда, диссертациялык кеңеш Комиссияга диссертациянын коргоо датасын жылдыруунун себептерин жана жаңы датаны көрсөтүү менен коргоону жылдыруу жөнүндө өтүнүч катын жиберет. Мындайда тиешелүү өзгөртүүлөр менен жаңы автореферат басылып чыгарылат.»;
- Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобонун 2-тиркемесинде:
эскертүүдөгү «анкетаны» деген сөз «паспортту» деген сөз менен алмаштырылсын;
- Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобонун 6-тиркемесинде 7 жана 13-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобонун 12-тиркемесинде:
«талаптар» деген сөз «белгилер» деген сөз менен алмаштырылсын;
1.1. жана 1.2-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1.1. Жаңы илимий багытты иштеп чыгуу же жыйындысы тиешелүү илимдин тармагындагы ири жетишкендик катары эсептеле турган актуалдуу илимий багыттын бирин жана негизинен жаңы натыйжалардын мазмунун концептуалдуу өнүктүрүү.
1.2. Тиешелүү илим тармагындагы илим чөйрөсүнө жана тематикасына жараша өнүгүүгө жана илимий-техникалык прогрессти тездетүүгө зор салым кошо турган илимий жактан жаңы негизделген техникалык, социалдык-экономикалык жана технологиялык методдорду иштеп чыгуу жолу менен илимий ири проблемаларды чечүү.»;
- «Кандидаттык диссертациянын классификациялык белгилериндеги» 1.2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1.2. Илим чөйрөсүнө жана темасына жараша өлкөнүн экономикасы үчүн олуттуу мааниге ээ илимий жактан жаңы негизделген техникалык, экономикалык же технологиялык иштеп чыгууларды түшүндүрүү.»;
- Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобонун 14-тиркемесинде:
- 1, 15 жана 16-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункту «Диссертациялык кеңештин жыйынынын стенограммасы» деген сөздөрдөн кийин «жана анын аудио-видео тасмасы» деген сөздөр менен толукталсын;
17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Комиссиянын жана диссертациялык кеңеш иштеп жаткан мекеменин сайттарында коргоо жөнүндө жарыя (1 нуска).»;
жогорудагы токтом менен бекитилген Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктунда:
«в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) «5тен кем эмес окуу-методикалык жана илимий эмгектери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган «Scopus», «Web of Science» же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 4төн кем эмес макаласы болсо.
Эмгектери докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;»;
- 8-пунктунда:
«өзгөчө тартипте» деген сөздөр алып салынсын;
«г» пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«г) 5тен кем эмес окуу-методикалык жана илимий эмгектери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган «Scopus», «Web of Science» же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 9дан кем эмес макаласы болсо.»;
экинчи абзацындагы «докторлук» деген сөз «кандидаттык» деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы «ж» пунктчасы менен толукталсын:
«ж) илимий жетекчи катары илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы берилген 2ден кем эмес окуучуларды даярдаган учурда.»;
- 11-пунктунда:
биринчи абзацы «башчысынын (начальнигинин)» деген сөздөрдөн кийин «башкы илимий кызматкеринин» деген сөздөр менен толукталсын;
«а» пунктчасындагы «2» деген цифра «3» деген цифра менен алмаштырылсын;
«в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) 5тен кем эмес методикалык эмгектери, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган «Scopus», «Web of Science» же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 4төн кем эмес макаласы болсо.
Эмгектери докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;»;
- 13-пунктунда:
«б» пунктчасындагы 5 жана 3 деген цифралар 8 жана 5 деген цифралар менен алмаштырылсын;
«в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«в) 2ден кем эмес окуу жана/же окуу-методикалык эмгектери, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган Scopus, Web of Science же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 2ден кем эмес макаласы болсо.
Эмгектери кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;»;
- 14-пунктунун «г» пунктчасындагы «эл артистинин, эл сүрөтчүсүнүн, эл архитекторунун» деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пунктунда:
«б» пунктчасындагы 5 деген цифра 10 деген цифра менен алмаштырылсын;
«в» пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в) 2ден кем эмес методикалык эмгектери, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Scopus, Web of Science же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 2ден кем эмес макаласы болсо.»;
- 21-пунктунда:
6 жана 4 деген цифралар 4 жана 3 деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 39-пунктундагы «кеңештин» деген сөз «комиссиянын» деген сөз менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун бешинчи абзацы «диссертациялык кеңештердин документтерин текшерүү,» деген сөздөн кийин «коргоонун видеоматериалдарын карап чыгуу» деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пункту «Эксперттик кеңеш» деген сөздөн кийин «Scopus, «Web of Science» же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү жергиликтүү жана чет өлкөлүк илимий мезгилдүү басылмаларда акыркы 5 жыл ичинде жарыяланган макалалары бар» деген сөздөр менен толукталсын;
- 42-пунктундагы «5» жана «3» деген цифралар «3» жана «2» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 43-пунктундагы «2 ай» деген цифра жана сөз «1 ай» деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 44-пунктундагы «2 ай» деген цифра жана сөз «1 ай» деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 62-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«62. Көчүрүп алынган материалдын көрсөткүчү белгиленген пайыздан ашып кеткендиги ырасталса, диссертациянын ар бир бети текшерилип, анын жыйынтыгы эксперттик кеңешке кароого берилет. Эксперттик кеңеш Комиссиянын жетекчилигине изденүүгө илимдин доктору же илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын берүү же четке кагуу жөнүндө сунушун даярдайт.».
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков