КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 119 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык Мыйзамдын 10 жана 17-беренелеринин негизинде токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому төмөндөкүдөй мазмундагы 2-1 пункт менен толукталсын:

     -“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өз убагында тиешелүү маалыматты өздүк расмий сайтында жайгаштырсын”;

     жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жободо:

-  6-пунктун 2-абзацындагы “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын” деген сөздөрдөн кийин “же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик органынын” деген сөздөр менен, ошондой эле “жана жер” деген сөздөрдөн кийин “,ошондой эле жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алуучу жарандардын тизмеси” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри                                                             С.Ш.Жээнбеков  

Тиркемелер

Басып чыгаруу