КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 122 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:

- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Министрликтин  юридикалык дареги: 723510, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Муминов көчөсү, 11; 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү 2/1.”

- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

“5.1.Министрликтин толук аталышы:

мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги”;

расмий тилде: “Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.”;

7-пунктунун экинчи абзацындагы “жарандык коргонуунун иш-чараларын пландаштыруу” деген сөздөр “Жарандык коргонуунун, өрт, радиациялык коопсуздук, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология тармагындагы иш-чараларды пландаштыруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пунктта:

расмий тилдеги тексттин 3-пунктчасынын экинчи абзацы “Гражданской защиты,” деген сөздөрдөн кийин “пожарной, радиационной безопасности” деген сөздөр менен толукталсын;

4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

“- мамлекеттик эмес (штаттан тышкаркы) авариялык-куткаруучу түзүлүштөрдүн куткаруучуларын даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;

- химиялык зыяндуу заттарды камтыган инженердик курулмаларды текшерет жана мындай курулмаларды пайдаланган жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча корутундуларды берет;

- жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча шахталардын жана кендердин атайын жабдууларына сыноо жүргүзөт.”;

- расмий тилдеги тексттин 9-пунктунун төртүнчү абзацы “в области Гражданской защиты,” деген сөздөрдөн кийин “пожарной, радиационной безопасности, ” деген сөздөр менен толукталсын;

- 14-пунктта:

жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана офицердик курамдагы аскер кызматчыларын жана прапорщиктерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;”;

төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:

“- Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана башка кызматкерлерине белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;”

жыйырма экинчи абзацы “кызматкерлеринин” деген сөздөн мурда “борбордук аппаратынын” деген сөздөр менен толукталсын;

жыйырма сегизинчи абзацындагы “айрым кызмат адамдарынын” деген сөздөр “өздүк курамдын ичинен айрым адамдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

4-пунктундагы “1922”, “83”, “767” жана “1072” деген цифралар тийиштүүлүгүнө жараша “4762”, “125”, “795” жана “3842” деген цифралар менен алмаштырылсын;

Эскертүүдөгү “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин” деген сөздөр алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу