КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-февралындагы № 118 токтому

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишинин айрым маселелери жөнүндө

Чет өлкөлүк жарандар үчүн визаны тариздөө жана берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы чет өлкөлүк жарандарга виза берүү маселелери боюнча натыйжалуу ишти камсыздоо үчүн 17 штаттык бирдикти тиешелүү бюджеттик каржылоосу (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

-   1-пунктундагы «380» жана «167» деген цифралар тиешелүү түрдө «397» жана «184» деген цифралар менен алмаштырылсын;

-   23-пунктундагы «1248» жана «1157» деген цифралар тиешелүү түрдө «1231» жана «1140» деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 2017-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чектеринде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

-   өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

-   ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жана транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу