Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методиканы бекитүү жөнүндө
Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Булгоочу заттарды суу объекттерине чыгаруунун жол берилген чектеринин ченемдерин белгилөө боюнча методика тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков