КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 токтому

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Күрөө жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 211-беренесин аткаруу үчүн,  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

   1. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык  бекитилсин.

   2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы белгиленген тартипте жогоруда аталган Жобонун ченемдерин ишке ашырууга багытталган чараларды көрсүн.

   3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

   4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу