КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 109 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Акциздик маркаларды тийиштүү түрдө колдонууну жана акциз салыгынын мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

-1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

«- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун убактылуу тартиби.»;

-  3-пунктунда:

 экинчи жана үчүнчү абзацтардагы «60» деген цифралар «70» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

«3-1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө акциздик маркаларды тиешелүү түрдө колдонууну камсыз кылуу үчүн импорттоочулар тарабынан салынуучу депозиттик төлөм алкоголдук продукциянын бир литри үчүн 5 (беш) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бекитилсин. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү жылдын биринчи күнүнө карата колдонулган эсептик көрсөткүч негиз катары алынат.»;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун убактылуу тартиби менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:

15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

«Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттогон салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү салгандыгы жөнүндө квитанциянын түп нускасын жана көчүрмөсүн да, ошондой эле акциздик маркаларды максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени берет.».

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана башкаруунун тартиби, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө акциздик маркаларды тиешелүү түрдө колдонууну камсыз кылуу үчүн импортоочулар тарабынан салынуучу депозиттик төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле тургандыгы жөнүндө ченемди караштырган ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана ал расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                    С.Ш.Жээнбеков