КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 токтому

Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө

Темир жол транспортунун кызматтарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Темир жол транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

         1. Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

         3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков