КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-февралындагы № 89 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  21-январындагы № 41 «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Зыянды компенсациялоону каржылоонун булагы болуп “Электр станциялары” акционердик коомунун инфляцияга индексациялоону эске алуу менен Токтогул ГЭСинин сарптоолорунун эсебинен 70,0 (жетимиш) млн сом өлчөмүндөгү сумманы Токтогул ГЭСи иштеп чыккан электр энергиясынын өздүк наркына киргизүү менен атайын эсепке жыл сайын чегерүүсү саналат, бул отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электр энергиясына тарифтин түзүмүндө жыл сайын каралат.”;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин уставында:

27-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков                           

Тиркемелер

Басып чыгаруу