Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптар жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптарды аныктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптар жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктай тургандыгы жөнүндө ченемди караган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана он эки ай бою колдонулат.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков