КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 590 “Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Объекттин социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн эске алып, курулуш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 590 “Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталышы жана 1-пункту “турак жай” деген сөздөрдөн кийин “жана мейманкана” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу