КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга иш-аракеттер планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

-       Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

-       ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.

  3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

 4. Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.

 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын

-       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-августундагы № 456 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтому;

-       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 383 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө” токтому.

  6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков