КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 63 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегинде) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):

- бүткүл текстиндеги “ТКМ”, “МММТМ”, “Дене тарбия жана спорт мамагенттик (ДТССМА, ДТжСМА)”, “КМ”, “МБА”, “СӨМ”, “АЧжММ”, “ГМРМА” деген аббревиатуралар жана сөздөр тиешесине жараша “ТЖМ”, “ММТМ”, “Жаштар жана спорт агенттиги”, “Коргоо комитети”, “МТБМК”, “ЭСӨМ”, “АЧТММ”, “ӨЭЖМК” деген аббревиатуралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

-         1-главада:

төмөнкүдөй мазмундагы 381-пункт менен толукталсын:

381

Жогорку окуу жайларында профилдик предметтерди тереңдетип окутуу менен жалпы орто билим берүү

БИМ

БИМ, ССМ

Акы төлөнөт

”;

109-пункттагы “ЭМЖМ” деген аббревиатура “ЭСӨМ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

110 жана 111-пункттардагы “ЭМЖМ” деген аббревиатура “БИМ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

-         3-главада:

1-3-пункттардагы “ЭМЖМ” деген аббревиатура “ЭСӨМ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

41, 5 жана 7-пункттардагы “ЭМЖМ” деген аббревиатура “Миграция кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-         4-главада:

1-пунктагы “ЭМЖМ” деген аббревиатура “ЭСӨМ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

2-пункттагы “ЭМЖМ” деген аббревиатура “Миграция кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

46-50-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

46

Аккредиттелген лабораториялардын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык лабораториялардын компетенттүүлүгүн ырастоо

ЭМ

ЭМ

Акы төлөнөт

47

Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо

ЭМ

ЭМ

Акы төлөнөт

48

Менеджмент системасын сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо

ЭМ

ЭМ

Акы төлөнөт

49

Персоналды сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо

ЭМ

ЭМ

Акы төлөнөт

50

Контролдоонун аккредиттелген органынын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык контролдоо органынын компетенттүүлүгүн ырастоо

ЭМ

ЭМ

Акы төлөнөт

                                                                                                              “;

-         6-главанын 1-пунктундагы “ЭМЖМ” деген аббревиатура “ЭСӨМ”

деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

- 8-главанын 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                 С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу