КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 токтому

“Айыл чарбасын каржылоо - 5” долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарга 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагындагы кызматтарды мындан ары да өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Айыл чарбасын каржылоо - 5” долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги  белгиленген тартипте:

- “Айыл чарбасын каржылоо - 5” долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзүшсүн;

- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан субсидиянын биринчи траншын каржылашсын;

- “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиялардын экинчи жана үчүнчү транштарын төлөө үчүн зарыл каражаттарды карашсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                               С.Ш.Жээнбеков