КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 токтому

Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө

Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы ишкер субъекттердин ишин лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Убактылуу жобонун 2018-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 37-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                          C.Ш. Жээнбеков