КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 токтому

Куралдардын, аскердик техникалардын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Аскер багытындагы товарларды жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү  максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Куралдардын, аскердик техникалардын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө тиркелген убактылуу жобо бекитилсин.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2018-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.


Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков