Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын> 24-ноябрындагы №670 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын андан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 22-пункттун «Аткаруу мөөнөтү» графасындагы «2016» деген цифралар «2018» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 26-пункттун «Аткаруу мөөнөтү» графасындагы «2016-жылдын II кварталы» деген цифралар жана сөздөр «2018» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков